жылга

китептерде 69 жолу, 9 китепте
  1. Узатасынан улам төмөндөп тилкеленип кеткен кокту, суу, сел жүрүп салааланып кокту болуп кеткен нуктуу жер, тоодогу салаа тартып тармактанып узатасынан кеткен кууш өрөөн.
  2. Тилкеленип же жол-жол болуп кеткен из.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өз атасы чочконун, / Асылбача, Бекбача, / Далай жылга касташты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Барган жерде макул деп, / Маа кошулса жакшы кеп, / Калкынан качкан караан деп, / Карабаса кийин кеп, / Элинен азган кишиге, / Эки жылга эл жок, деп, / Жеринен азган кишиге, / Жети жылга жер жок деп, / Жеткирлер айткан бу бир кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Белге чыга калганда, / Белдүү баатыр көкжалдын, / Чоң кайраты бар анда, / Жолго кирбей Аккула, / Бура тартты бир жылга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…рымга тогуз күн, / Сыргакка салган Тоосур ат, / Тоңурчуктап туралбайт, / Чылбырынан кармады, / Буттан кишен тушоону, / Башынан жүгөн алганы, / Жетим тайдын күр жылга, / Туруштук берчүү көп малга, / Көз ачкынча жалмады, / Топурак учуп, жер чаңдап, / Такыр болуп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жылгадан суулар жыбылжып, / Күлгөндөй гүлү жыбырап, / Кеңколдун өйүз-бүйүзү, / Караса көзгө жымылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →