жылбырска
- Жылтырак келген, жылма келген кыска (чач, жүн жөнүндө).
- Ара туулган, ичтен өлүү түшкөн малдын төлүнүн жүнү өтө кыска териси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Башыма чыккан чач калбай, / Ээгимде сакал бүт калбай, / Ак сазан болуп түк түшүп, / Жылбырска болуп өлгөнүм!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ырыскан минтип сурады, / Жаны чыгып корккондон, / Жедигер чыдап турабы, / Баш аламан баарысы, / Жарыша койуп чуулдады, / Орто бойлуу, орто жаш, / Жылбырскасы кишинин, / Кара Чекир бирөө бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сууда жүрөт балыктай, / Көрүнбөйт көзгө кайыптай, / Жылбырска кара аты бар, / Теңдеши жок баатыр ал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →