жылаңбаш
- Башында баш кийими жок, баш кийимсиз,.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Атсаң Чубак аткын, — деп, / Акырын жылып баскын, — деп, / Чубакты жолго салыптыр, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Алмамбет анда калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баатыр болсоң бир күндүк, / Жарым күнгө калтырбай, / Эки колуң байласам, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Тартаңдатып кубалап, / Таласты карай айдасам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
деп, / Көчүгүн ташка лак койуп, / Алаканын шак койуп, / Көктү карап каткырат, / Күлүп атып томсорот, / Ыйлап кетет шолоктоп, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Көйнөк–ыштан кийбеген, / Карандай өзү жылаңач, / Жулуп жатып жок калды, / Башындагы чыккан чач.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тебетей жок жылаңбаш, / Кулагы үшүп барсайып, / Келе жатат канча жан, / Кем-керчи бүтөп алам, деп / Кеңири жаткан кыргыздан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Экинчи көчөгө түшкөндөн кийин бир короого кирсек, кожоюну жылаңбаш чыгып келип, эшигинин алдына чендетпей туруп, түксүйүп:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →