жылаңачта
- Кийимин чечип, жамынган жамынчысын ж.б. алып таштап, жылаңач калтыруу.
- Боз үйдүн жабууларын, үйдүн керегесиндеги жасалгаларын ж.б. сыйрып алуу, керегеси көрүнүп калуу.
- Кабынан, кынынан чыгарып жалаң өзүн калтыруу (мисалы, кылычты), бетиндеги, боорундагы өсүмдүктөрүнөн ажыратуу (мисалы, тоону) жалбырактарын жок кылуу (мисалы, бакдаракты).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
көрүп Бекбача, / Кажырдын өтүн таптырып, / Жарасына чаптырып, / Кашкулак өтүн алдырып, / Ичине эзип бердирип, / Эр сийдиги, ат сийдиги, / Курмушуну чылатып, / Жылаңачтап жаткырып, / Эбептен берип чагынча, / Себептен берип алынча, / Медетти берип барынча, / Майга чылап жылкы этин, / Орто карта табынча, / Айыктырды баатырды, / Та…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алды жакты капыста, / Уруп жаткан экөө бар, / Жылаңачтап эр байлап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айла менен жайлады, / Жылаңачтап чечтирип, / Сырткы киймин алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Хан аялынын сөзүнө ишенет да, баланы жылаңачтатып аябай сабатып, эки жигитине:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →