жылаңач
- Үстүндө кийими жок, кийимсиз.
- Кийим-кечеси жок же абдан начар, жыртык-тешик, жетишсиз.
- Бетинде, боорунда эчтеме жок, бак-дарак, өсүмдүк өспөгөн (жерге карата).
- Жалбырагы түшкөн (бакдаракка карата), жасалгасынан, жабуусунан ажыраган (үй-жайга карата).
- Жүнү жок, жүнү түшкөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Камдап койгон Каныкей, / Керектүүсүн бүт алып, / Кансыраган экен, деп, / Чаначка куйуп артынып, / Жылаңач уйдан сүт алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ит болуп үрөт арсылдап, / Каткырып кетет карсыладп, / Оозунан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан коркот”, деп, / Кеткени жок ит талап, / Ар кайсы үйдүн алдына, / Келип калат аш сурап, / “Ай, Айчүрөк, Айчүрөк, / Ой, Кан…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тулга кеткен артына, / Казандай болгон кара баш, / Сооттон чыгып жылаңач, / Орто карта боз үйдөй, / Оңолуп кетип баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Бар дүнйөсү бар эле, / Үй башында жүгүндө, / Алтын, күмүш, зар эле, / Тоосунда топ-топ сан болуп, / Толуп жаткан мал эле, / Үй башына чуулдап, / Кызыл көтөн жылаңач, / Ойноп жаткан бала эле, / Далысын түйүп мөкчөйгөн, / Кызыл ээк чал эле, / Чычкан ооз, бака көз, / Ээги түшкөн телпейип, / Эпилдеп кыйын айткан сөз, / Канча к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Баланын кубанычы менен жылаңач-жабык эстен чыгып кетет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →