жылас
- Жек көргөндө, тилдегенде же башка учурларда «оңбогур», «түгөнгүр», «кудай алгыр» маанисинде колдонулат.
- Жок болуп, жоюлуп, куруп бараткан абал, оор, катаал, мүшкүлдүү кыйынчылык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кебиңдин айткын ырасын, / Кеп жашырып калп айтсаң, / Чыгарамын жыласың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чыгарат окшойт бадырек, / Гүлчоронун жыласын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сатай кайдан айанды: / — Жыйылды, баатыр, биздин эл, / Сырыңды билбей жанашып, / Жылас болду нечендер, / Карапайым киши эмес, / Калк башкарган белдүүлөр, / Азуусун айга жаныган, / Мен элемин дегендер, / Сүйлөп жаагы талбаган, / Кызыл тилдүү чечен…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ушулардын катары менен Башарин, Василий, Метрейдин үйжайларынан, бал челектеринен, үйүп койгон сары кыр чөптөрүнөн ыпын неме калбай күйүп, малдары жоонун алдына түшүп, Кызыл-Кыянын бети бүгүн жылас болду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эси чыгып чочуп жүргөн, токтоно албай качып жүргөн жырткычтын баарын жолго салып, жылас кылды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →