жылан
- Ийрелеңдеп сойлоп жүрүүгө ылайыкталган узун, жумуру денелүү, буттары жок, көбүнчө чагып алууга жөндөмдүү уулуу жаныбар.
- Динар шиберди как жарып туурага атырылган жыланды көрдү (Сыдыкбеков).
- Он эки айбандын аты менен аталган кыргыздын элдик календарында жыл сүрүү эсебиндеги эң катаал деп эсептелген алтынчы жылдын аты.
- өт. Бирөөнүн кара санатайлыгын, душманынын заардуулугун, катаал ырайымсыздыгын, ач көздүгүн ж.б. терс сапаттарын билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мурун сенин белиңе, / Оролгон экен сур жылан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ар жактакы элдерден, / Сыйкырдуу дуба билгенден, / Булутту кармап асмандан, / Ат ордуна мингенден, / Ортонуна жыланды, / Камчы кылып илгенден, / Жетимиш киши жабырап, / Колу- бутун баатырдын, / Байлайбыз деп бастырбай, / Түркүн-түркүн дубасын, / Түрмөгү менен салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Минген аты Куучаптар, / Малунада каруу бар, / Жылан менен чайандай, / Адамга салар заары бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Муну көрүп Кара дөө, / Катуу арданып кайран дөө, / Заарын салып жыландай, / Бөйөн менен чайандай, / Аманат жанды айабай, / Кызыл жанды Кара дөө, / Кылга байлап таштады, / Кыйын уруш баштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жөө жыландай сүйрөлгөн, узун бойлуу, кара тору неме.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →