жык2

китептерде 509 жолу, 10 китепте
  1. Тике, буту менен турган абалынан кулап калган, жатып калган же сулап түшкөн абалга келтирүү.
  2. Жеңип чыгуу, жеңишке жетишүү, баш ийдирүү, багынтуу, жеңүү.
  3. Негиздүү, жүйөлүү болсо же болбосо да төлөөгө, айып тартууга, чыгым берүүгө ж.б. дуушар кылуу.
  4. Минген унаасын тартып алуу, мингенин тартып алып жөө калтыруу.
  5. Жыгылыштуу абалга келтирүү, кемчилигин, сөзүнүн орунсуз болгондугун моюнга алууга аргасыз кылуу.
  6. Сууну арыкка буруу, кулак байлоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…аластагы урушта, / Кененимдин аскери, / Тааныгандын бири экен, / Кененим аны тааныбайт, / Тааныды бизди деп шашып, / Аша-шаша калдаңдап, / Аттарынан куланып, / Жыгылып-кууп тамтаңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноо… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Мас болуп Көкчө жыгылды, / Баатыр Алмаң не кылды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…, / Гүлчорону кучактап, / Гүлүстөн, абаң Семетей, / Көзүнөн кетет мончок жаш) / Тууганга чыгат тууган кас, / Карынын кебин албаган, / Жакшы болбойт ошол жаш, / Жыгылганым билемин, / Эми көрдүм силерди, / Орто жерде кандай иш, / Не болгонун билбеймин, / Түш көргөндөй элестейм, / Акшумкар алып колума, / Тайбуурул минип жүргөнүм, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мен барганда экөө бир уйду жыгып салып, терисин сыйрып жаткан экен, Мен кошко жакындай бергенде, көрүп калып Жапаркул: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала кылычты туурасынан кармай берип, ал оп тартуунун күчүнөн тең бөлүнүп калат, өзү эси ооп жыгылат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →