жыйрыл

китептерде 11 жолу, 5 китепте
  1. Тырышып бүрүшкөн, бүйрүлө тартылган абалга келүү.
  2. Иренжип боюн ала качуу, жийиркене тартынуу, тартынуу сезими пайда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өпкө тамыр суурулуп, / Агып каны чубуруп, / Кулап калды атынан, / Бүткөн бойу жыйрылып, / Бадаланын канын кууп, / Бир балбан чыкты кыйкырып, / Канча жылдан бер жакка, / Кагышпай манжуу жай жатып, / Балбандар калган жыйылып, / Өчөшүп жылда урушуп, / Моңгулда балбан жок калган, / Түгөнүп калган кырылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…т куркулдап, / Оозунан көбүк бартулдап; / Пилдер келет колтоңдоп, / Куйруктары чолтоңдоп; / Чөөлөр келет шыңкылдап, / Келарыс келет кырсылдап; / Ажыдаар сойлоп жыйрылып, / Көп экен деп шашпагын, / Кереги жок башканын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жылан болуп жыйрылып, / Жерде сойлойт сыйрылып, / Чычкан болуп бултулдап, / Качууну билет мултуңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…/ Айуу келет саксаңдап, / Шер келатат чакчаңдап, / Жолборс келет күркүрөп, / Жалын келет дүркүрөп, / Шамал келет аркырап, / Сел түрүлүп шаркырап, / Жылан келет жыйрылып, / Эки көзү жаркырап, / Буура келет буркулдап, / Оозунан көбүк буртулдап, / Бука келет бултулдап, / Түлкү келет кылтылдап, / Чөө каткырып шыңкылдап, / Кабылан … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Мурункудай сагызган, / Үн сала албай шоктонуп, / Кузгун учпай жок болуп, / Баса албай бөрү токтолуп, / Жыландар жылбай жыйрылып, / Жырткычтын баары тыйылып, / Келарыс менен чөөбөрү, / Кемерден чыкпай кылыйып, / Кас кылчунун баарысы, / Калды түгөл тыйылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →