жыйналыш
- Кандайдыр бир ишти, маселени чечүү, кеңешүү, талкуулоо үчүн белгилүү бир уюмдун, мекеменин, коллективдин мүчөлөрү же ар кандай көпчүлүк баш кошкон чогулуш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өткөндөрдүн өчүн кууп, / Өлгөндөрдүн кунун кууп, / Жай албады жаныбыз, / Убаданы бир кылып, / Жыйналыштык баарыбыз, / Кетели деп бир четтен, / Ушулбу биздин алыбыз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чиктей кебин бүтүрдү, / Калгандар кепке түшүндү, / Ошол кезде Чиктей хан, / Оозунан түтүн буркурап, / Улутунуп үшкүрүп, / Кечилдин ханы үшкүрсө, / Жыйналышта көпчүлүк, / Көзүнүн жашы төгүлдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →