жый
- Бир жерге чогултуу, топтоо, үйө жыйноо.
- Эгин тегинди, түшүмдү ж.б. жыйнап алуу.
- Үйдүн ичин иретке келтирүү, жууркан-төшөктү, идиш-аякты ж.б. жыйыштыруу, жай-жайына коюу.
- Топтолушкан, чогулушкан абалга келтирүү, чогултуу.
- Баш коштуруу, бириктирүү.
- Бириндеп, таралып кеткен нерселерди жыйноо, бирөөлөрдөн алына турган нерселерди жыйнап алуу.
- Көбөйтө чогултуу, топтоштуруу.
- Күчтү, кайратты ж.б. топтоштуруу, толуктоо.
- Калыбына келүү, мурункусундай болуу, кадимки калыбына келүү.
- Жыйрылган, тартылган абалга келтирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Убадаңды бек кылсаң, / Чачылган малды бүт жыйсаң, / Сандыкта зарды жам кылсаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ханы жок кара букара, / Камалда калган колго окшош, / Эри жок ээн калган журт, / Эс жыйа элек бала окшош.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Канчоронун тушунда, / Бийдин бири Оболбек, / Элди айап калам деп, / Күндө жүрдү токмок жеп, / Уктабай өттү кырк күнү, / Күмбөздөн тосуп алууга, / Ой-тоодон элди жыйам деп, / Келе турган мейманга, / Айлынча кызмат кылам деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Пристав далилдешип, чындыкка келүүнүн ордуна, түгүн сыртына жыйнап, ачууланып тактайды муштагылап:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →