жыды1

китептерде 10 жолу, 5 китепте жыды 2 →
  1. Теринин жүнү чач, түк түшүү, жапырт түшө баштоо, жалаң териси калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аркардай болуп көз жайнап, / Кулжадан бетер баш чайкап, / Тору ат кетип баратат, / Бекбачанын денинен, / Тырсылдап тери жарылып, / Сары суу менен кан агып, / Суу менен атка жармашып, / Жалы жыдып Тору аттын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…үп, / Батай, Катай – ал экөө, / Чыгалбай калды деми өлүп, / Качырды Отор капыры, / Карагай найза өңөрүп, / Буту сынып жатканда, / Кулактан Тору ат тартканда, / Жыдыгы чыккан аз заман, / Толгон капыр ал чакта, / Толкуну көлдүн шары өңдүү, / Чоңдугу төөнүн нары өңдүү, / Салкыны сырттын жели өңдүү, / Ысыгы жайдын күнү өңдүү, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Күндүзү салган сүт кара, / Тери жыдып аксазан, / Күнү кырк беш болгондо, / Семетей турду ордунан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Суу ичип көзүн ачалса, / Көөнүндө кебин айталса, / Өзөгү сак экен, — деп, / Таң атканга жол жүрсөм, / Шашке маалда жетем, — деп, / Абакем Бакай, шер Чубак, / Абдылда бий, эр Сыргак, / Дан жедирбес бекен, — деп, / Канча күн жатып былк этпей, / Ичеги жыдып калды” — деп, / Ошол жактан кайгы жеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Айыккандан кийин чачым таздын башындай жыдып түшүп калганын бир гана билдим. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →