жыгачтуу

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Жыгачы көп, жыгачы мол, жыгач көп өскөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…е жыгылып, / Кобалбай жаткан жана бар; / Кемерге кирип тыгылып, / Жошологон челектей, / Башынан каны аккан бар; / Жерге сүрө жыгылып, / Көзү агып калган бар; / Жыгачтуу жерге жыгылып, / Жалпак бет болуп калган бар; / Мурду сынып былчыйып, / Көзү шишип кеткен бар; / Шоолаланып жылчыйып; / Кокустап бели калган бар, / Кобалбай жа… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жаш жыгачтуу алманын, / Кабыгынан жыйдырып, / Кырчындуунун кырк чачтуу, / Тал бүчүрүн сыдыртып, / Кермегин жакшы кандырып, / Тандап жүрүп абдан, / Буласын алдым талынан, / Ак болотту эгетип, / Арасына ширетип, / Албарс учтуу шибеге, / Ак болот ийне биздерде, / Айланасын кабууга, / Араң жетти бир күнгө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Биринчи болуп тоскун, деп, / Жибергели Куткарбас, / Жыгачтуу жерди кыдырып, / Дайраны бойлоп сыдырып, / Бир жыгачты жаратып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →