жыга
- Куштун чокусундагы таажы.
- Мансаптык же хандык белги: кандын атайын баш кийими, же баш кийимге тагылуучу асыл таш, куштун канаты.
- Аялдардын кооздолгон баш кийими, же кооздолгон баш кийимге сайылган үкү, куш канаты ж.б.
- Мөөргө тартылган атайын белги – эн. Кээде кандык белги тартылган мөөр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бел болуптур Бекбача, / Абалаган таз кара, / Ашып учуп кеткисиз, / Томуруп адам жыга албас, / Тоо болуптур Бекбача, / Кайберен басып өткүсүз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алтымыш алты алпым бар, / Кесилеттен башкасы, / Тең келеби Кененим, / Жалгыз кара бир башы, / Өлтүрүп койсом бул жерде, / Жанында караан киши жок, / Кыла турган көз жашы, / Жыга чаап Кененди, / Өлтүрүп койуп нетемин, / Не муратка жетемин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…кыз жандап, / Күлкүм менин кана элек, / Байгеге сайган мал-пулуң, / Керек эмес ушунуң, / Кимиң алсаң, аның ал, / Чатагы жок бөлүп ал, / Сенин камчың болбосо, / Жыга албайт элем, кабылан, / Көбүрөөгүн өзүң ал,- / Агыштан угуп бар кепти, / Байгени бөлүп эл кетти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…белип, / Тапан хандын элдери, / Ооруганы басылып, / Оңолгонсуп белдери: / — Атаны кайран кызыл лөк, / Адамдай мында өнөр көп, / Аты менен Сейитти, / Өңгөчөктөп жыгат, деп / Топого башын тыгат, деп / Чойтолоң менен Тазкара, / Алдары кандай болот?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Шааысмайыл дагы жыгат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →