жыбыра

китептерде 26 жолу, 8 китепте
  1. Көп санда жана кыбыраган кыймылда болуу.
  2. Өтө көп, сан жеткис болуп көрүнүү, жайнаган көп санда болуу.
  3. Жайнап чыгуу быжырап жапырт өсүп чыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кан куйулду жыбырап / Майторунун сооруга, / Камчы саптай куйулат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…/ Торсолдой баштап бакырып, / Бакырыкты укканда, / Баатыр тууган Саламат, / Атка минди камынып, / Кайнап аскер келатат, / Кара курттай жабылып, / Чыккан чөптөй жыбырап, / Кумурскадай быжырап, / Тосуп чыккан алтымыш, / Топко тийди аралап, / Мөндүрдөй октор дыбырап, / Жамгырдай жебе зырылдап, / Очогор үнү зүңүлдөп, / Жазайыл ат… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ша жагын караса, / Тополоң уйуп, тоз түшүп, / Күн күлгүңдөп боз түшүп, / Жер суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Керүүдө төөлөр дардайып, / Адырда кулжа калдайып, / Бугулар чыгып токойдон, / Мүйүздөрү тарбайып; / Бой жасап тоолор зымырап, / Адырда малдар жыбырап, / Жан-жаныбар быжырап, / Тирүүнүн баары кыбырап; / Мен каламбы дегенсип, / Жалбырактар дырылдап, / Тескейдеги карагай, / Бойун созуп карашып, / Тал менен кайы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жылгадан суулар жыбылжып, / Күлгөндөй гүлү жыбырап, / Кеңколдун өйүз-бүйүзү, / Караса көзгө жымылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →