жыбылжы
- Өтө жай сызылып чыгуу, өтө жай жылжып агуу.
- Акырын, ичке созулуп чыгуу (үнгө карата).
- Жай, шашпай, каалгый басуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Колуна берип бир шамшар: / — Мадыбекке бергин, — деп, / Үйүңөн чыкпай күнү-түн, / Мөңкөтай бирге жүрсүн, — деп, / Айдап келген чоңдордон, / Ылгап минген жылкыдан, / Жыбылжыган жоргодон, / Алып келип миндирип, / Азгандан келди эки-үчөө, / Көкөй менен Медеркан, / Кошулду жолдон үч адам, / Беш болду киши санаты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жаш өмүрү карыптыр, / Ажаттын бойу ойдуңда, / Кандай уйуп катыптыр, / Жөлөнкө төштүн баарынан, / Жыбылжып кандар агыптыр, / Кыргыз кытай жан тосуп, / Каптап келсе жолгошуп, / Бирин-бири бастырбай, / Жүргөн экен эки жак, / Кетер жагын тордошуп, / Азууларын аркайтып,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Түрө тиктеп Айчүрөк, / Көзүнүн жашы кылгырып, / Семетей менен Чүрөктүн, / Турушуна окшошуп, / Себелеп жамгыр жыбылжып, / Жел жүрбөй дымып токтолуп, / Жердин бети чок болуп, / Тиктеп турган Семетей, / Бут солбуду козголуп, / Хан Бакайды кыйырда, / Айчүрөк күлдү оштонуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жерден чыгып жыбылжып, / Өзөнү дайра суу болгон, / Коколору кырында, / Адам бойу чоңойгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жылгадан суулар жыбылжып, / Күлгөндөй гүлү жыбырап, / Кеңколдун өйүз-бүйүзү, / Караса көзгө жымылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →