жууша
- Бир орунда тынч алып жатуу же ордунан козголбой тынч туруп калуу, тынч алып көшүлгөн абалда болуу.
- Төшөлө жыгылып калуу, жыгылып боо түшкөн абалда болуу, жапырт кырылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…кынча, / Өлгөнүм жакшы менин, деп, / Өлүмдөн туура шек кылбайт, - / Көрбөсөм өмүр мейли, деп, / Төшөктө чалдар туйлабай, / Беймаал бала ыйлабай, / Желеде жылкы жуушабай, / Кемпирдин болбой көөнү жай, / Кымыз ичип, тай сойуп, / Кызыкта жүрбөй уландар, / Кызмат кылдым элге, деп, / Кыйынсып жүрүш бул кандай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бир колу бар, бири жок, / Атаңдын көрү дүйнө шок, / Бир буту бар, бири жок, / Опасы жок дүйнө бок, / Денеси калып башы жок, / Теңи калып, теңи жок, / Кулагы жок мулуйган, / Бузулуп мурду бучуйган, / Көзү чыгып олойгон, / Башы жок мойун коройгон, / Өлүп жаткан эрди көр, / Жуушаган койдой торойгон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Камчы менен бир салып, / Алда минген бууданды, / Кыйкырып Чубак качырды, / Жалаң кылыч колго алып, / Сүйрөтүп жаткан Сыргакты, / Канча кабат тор салган, / Каңкайтып ээрин жуушатып, / Элүүнүн башын бир кесип, / Узунунан сулатып, / Өрдөк кууган шумкардай, / Чубак жүрөт чуратып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жоо келди көрдүң далбактап, / Эки путу салбактап / Койо берсек бу жерден, / Таласка шыдыр барбайбы, / Уктап жаткан тынч элге, / Жуушап жаткан көп малга, / Төрдө олтурган чалдарга, / Жылаңач көтөн балдарга, / Чоң мүшкүлдү салбайбы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Койлор жуушап калган кезде, Беккул экөөбүз бери жакта калып, кожоюн эки малайын ээрчитип алып, арабасын көздөй кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →