жуучу

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Куда түшөр алдында кыздын эне-атасынын, жакындарынын макулдугун билиш үчүн күйөө тараптан сүйлөшкөнү келген киши, үйлөнөр алдында макулдугун алуу үчүн сүйлөшүүгө жиберилген киши.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ “Суратпай берген күйкөнүн, / Ак шумкарча баасы бар, / Сымбаттуу сулуу жубандын, / Бир кызчалык баркы бар” / “Ырыстуунун үйүнө, / Жуучу келсин, баатыр, деп, / Ырысы жоктун үйүнө, / Доочу келсин такыр” деп, / Макал айтып, кеп жасап, / Кыз сурамай салты бар, / Куш сурамай наркы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Карыган Бакай бакырып, / Гүлчоролоп чакырып: / — Качкан жоону куучу эмес, / Кылычын канга жуучу эмес, / Бүгүн эмес ошол иш, / Мурунтан бери бар кеңеш! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…с Абдылда: / — Айтканың чын, жеңеке, / Берем деп атаң айтканда, / Унутупмун бар ишти, / Жарадым деп керекке, / Келиним атын сурарга, / Мунун барын көрбөпмүн, / Жуучу болуп арага, / Жолук жолго жакшы деп, / Белек ала келбепмин, / Таарынбагын балага, / Күйөөңдүн аты зор Манас, / Кош эмесе жеңе, — деп, / Бастырып кетти Абдылда… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Казан-айак жуучу эзип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Хандын айласы кетип, суунун боюндагы боз үйгө жуучу жиберет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →