жуур

китептерде 59 жолу, 9 китепте
  1. Кургак, майда (мисалы, ун ж.б.) нерсени суу же башка суюктук менен аралаштыруу, мыжыгып же ийлеп даярдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баткактай болуп жуурулган, / Кыргында аккан кан кандай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сурмалуу көздү көргөндө, / Султандын уулу Чунактын, / Суу агып бойдон жуурулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…өп, / Күндү түнгө улантып, / Түн кетип, күндү чыгартып, / Кеңкула чуркап чаалыкпай, / Кылычты шилтеп Кененим, / Кырып жүрөт талыкпай, / Жердин бети чыпылдап, / Жуурулуп топо былчылдап, / Албарс менен кайсалап, / Абыдан кырып талкалап, / Чамбыл ала чаң кылып, / Кызыл ала кан кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Чыдай албай коросон… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…Былкылдатып саздарды, / Кезегинде Алмамбет, / Кеңири ачкан майданды, / Кытай, калмак, чубуртуп, / Манжу, заңын кошултуп, / Шибээ, солон, аралаш, / Топого канын жуурултуп, / Кагылышта хан өлүп, / Карапайым жан өлүп, / Каракулак кабылан, / Карчашып жүргөн көгөрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канына анын агылган, / Кара жерди жуурултуп, / Канып кумар жаналы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →