жуук
- Алыс эмес, аралык өлчөмү, мезгили, ж.б. жагынан алганда жакын.
- Жылдын мезгилин, кандайдыр бир убакыт маалын билдирген сөз менен кошо айтылып, ошо мезгилге жакын убакыт өлчөмүн көрсөтүүдө колдонулат.
- Кууш, тар. Түбү терең, оозу жуук, Үңкүр жайы мына бу («Сейтек»).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ «Көйнөктүн кирин жууганда, / Көңүлдө сырды айтканда, / Көөдөндүн чери кетер» — деп, / Айтса-айтпаса карынын, / Бул макалы ырас кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жапалдаш сары чечекей, / Апийинден кем эмес, / Эрмен менен боз куурай, / Кайнатып суусун жууганда, / Териге желди жуктурбай, / Көлү менен күлепше, / Көп экен дары бул жерде, / Тал мыйа менен кекире, / Табылбайт бизде дегеле, / Сандап жатат ар жерде, / Дары эсептеп билесе.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ошол күндөн күзгө жуук, / Калган экен мал тунуп, / Кырк атты бөлүп айылга, / Кишисин санап топ кылып, / Бышырып жеп ташташты, / Бир эле түнү жок кылып, / Жалгыз Мажик көтөрдү, / Чогу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Кечке жуук.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошол эле күнү кечке жуук баланын үстүнө баягы митайым вазир келип, баланын астында ыйлап-сыктап, жалынып-жалбарып жатканын сакчылар угуп, аны ханга айтып барышты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →