жуу
- Суу же суюктук менен бир нерсенин кирин, майын ж.б. артуу, чайкоо, тазалоо.
- Суюк нерсе (кан, жаш ж.б.) жаба агуу, каптоо, көп чыгуу.
- Суу, суюктук көп болуп, майда тозоңдорду, топуракты ж.б. агызып кетүү.
- сүйл. Жаңы буюм алганда, кийим-кече кийгенде, кызматка орношкондо ж.б. ал жаңылыктарын, ийгиликтерин тамак-аш берүү, ичкилик ичирүү жолдору менен белгилөө, майлоо.
- өт. Күнөөсүн, айыбын актоо, андан арылуу аракетинде болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тилин салып акактап, / Суу ордуна кан жалап, / Өлүп жатат нечен жан, / Ачып- жуумп көздөрүн, / Солуп жатат нечен жан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Ажыкең ойу чачылып, / Ичи кыйын ачынып, / Хан Бакайдын кашына, / Жетип келди шашылып, / Жалпы чоро бар экен, / Терин аарчып аттардын, / Жууп жаткан асылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өлүгүн жерден ала албай, / Ак кепиндеп, аруу жууп, / Өкүрүп ыйлап, кеме албай, / Табалбай аны биз койдук.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мунусу бетиңди жуу дегени окшойт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кыз таздын башын жууп, тарап айыктырат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →