жутум
- Бир ууртам, бир жута турган суусун, суюктук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алдым жутум жан сактап, / Кара өзгөй болуп мал тапмак, / Карандай зордук ал акмак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…ү, / Тирүү бенде көрбөгөн, / Кордукту Бакай көргөнү, / Кайран киши кар болду, / Кең дүйнөсү тар болду, / Каныкей күнү андан тар, / Жаман каардап Чачыкей, / Бир жутум сууга кылат зар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Мен алтын шакекти сууга түшүрүп жибердим, ал шакекти балык жутум алат, балыкты балыкчылар кармайт, мен ошол кармалган балыктарды жыттап, алтын шакекти табамын -дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →