жута

китептерде 18 жолу, 10 китепте
  1. Жутка учуроо, малга тоют, жем-чөп жетишпөө, кыйынчылыкка кабылуу.
  2. Абдан ачыгып калуу, соргоктук менен тамактануу, жутуна опкоктонуу.
  3. Керектүү нерсенин жоктугунан жүдөө, жетишпей кыйналуу.
  4. Зарыл түрдө керек болуу, абдан зарылдыгын тартуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каарым жанбайт меники, / Ырыскандан кан ичип, / Талап албай кыргыздын, / Такоол болгон Таласын, / Жедигердин Шооругун, / Жеп жутамын баарысын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Чогултуп туруп жутам деп, / Айбаа келет калдактап, / Эки чоро алдында, / Качып келет далдактап, / Канык баатыр Керкөкүл, / Тура калды жол сактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жаңыдан чыккан Ороккыр, / Жабдыктын жайы мына ушу / Жыйырма беш кез бойу бар, / Жер жүзүнүн баарысын, / Жутамын деген ойу бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бир аяк жарма жутам деп, Чоңколдун камчысын жегидей алым жок,— деп жооп берди берки. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Бул жерде бир ажыдаар бар, ал ажыдаар эртең баарын жутат деп жатат, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →