журт

китептерде 588 жолу, 10 китепте
  1. Көчүп кеткен айылдын, боз үйдүн мурдагы орду, эски конуш, калтырып кеткен эски жайы.
  2. Мекендеген, турук алган жай, конуш алган жер, конуш, өлкө.
  3. Белгилүү жерди жердеген айылдын, аймактын эли, калкы, жалпы эле көпчүлүк эл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атпай журт, сага айтаарым, / Кулак салып тыңшасаң, / Эртең күнгө шаршемби, / Аттанып үйдөн чыкпасам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өз уулун жоодой талаган, / Жакыптай какбаш карыны, / (Айтылып келет эмгиче, / Ооздон-оозго тарыхы) / Абыке, Көбөш – арамды, / Алаштан чыккан жаманды, / Канчоро жалгыз бейитти, / Бул төртөөнүн тушунда, / Ак калпак кыргыз кайран журт, / Айабай тартты кейишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Күчала жеп катыны, / Үйдө өлдү селейип, / Дабытайдын тактасын, / Тапшырып берип бирине, / Кененим шаардан аттанды: / “Кайда кетти Дабытай, / Бир күн тыным албаймын, / Аны таап баш албай, / Таласка барып кыргызга, / Айтып койуп журтума, / Андан кийин жөнөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Өзүң тапкан өлүмгө, / Болуптур экен тим койсом, / Эл аманын билиптир, / Эр Алмамбет күлүптүр, / Журт аманын билиптир, / Султан Алмаң күлүптүр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Не үчүн алып калбадың, / Ата журту Таласка? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →