жумуш
- Айрым адамдын же көпчүлүктүн кандайдыр бир максат менен күч эмгегин жана акыл эмгегин жумшоо аркылуу аткарган иши, эмгектенүү процесси.
- Энергиянын бир түрүнөн экинчи бир түрүнө айланышынан, механизмдердин кыймылынан аткарылган иш.
- Кандайдыр бир маселе боюнча бирөөгө кайрыла турган, ага айтыла турган иш, сүйлөшө турган сөз, кеңеш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кужурап барат келгендер, / Үйүнө кетип баратып: / — Кандай болгон жумуш бу, / Акыл-нуска аралаш, / Керээз өңдүү кеп айтып?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карап турат коросон, / Жүрүп кетти Кененим, / Коросондун элдери, / Колунан жумуш келгени, / Калбай өлгөн эмеспи, / Артынан барган бир жан жок, / Баш көтөргөн тир жан жок, / Акыл табар киши жок, / Аны менен иши жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тегеренип асманда, / Туруп калды Көкмончок, / Не жумуштур билем, деп, / Так ошондой убакта, / Семетейге Канчоро, / Найза сайган кара ниет, / Аркасынан бир киши, / Чаап өтсө чыкыйга,, / Жер тайанды жыгылып, / Бардасы беттен ачылып, / Каптады жерди нур чыгып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Кай бир күндөрдө жумуш кылып жүрүп конуп калып музоого ушул жерден туруп кеткеним бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →