жума
- Бейшембиден кийинки күндүн аты.
- Дүйшөмбүдөн жекшембиге чейинки жети күнгө барабар убакыт, жети күндүк мезгил.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ыраңгиси көп болсун, / Аз болбосун, көп болсун, / Келер апта бейшемби, / Уй башына кишиден, / Аз болгондо экиден, / Кеңколдоку күмбөзгө, / Калбай тегиз шай болсун, / Бейшемби күнү барасың, / Жума күн өрүн аласың, / Ишемби күнү жанасың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карап туруп Кыйарды, / Жамандыгы көрүнсө, / Кошо өлсөм экен, деп, / Өлүм жактын камын жеп: / “Көзүм тирүү турганда, / Караанын көрүп турайын, / Боло албай кетип баратса, / Жамандыгын көргүнчө, / Мурун көзүм жумайын, / Бок дүйнөгө байланып, / Жарыкка кантип турайын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кубулжуп Манас жазылып, / Кубаныч кирди баарына, / Шаттык ойун баштады, / Бир жумадан бир жума.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Башариндики быйыл Жанымжандын кызматына тоюп, анын баласы — Жумабекке бир эски бешмант берген.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Арадан бир жума өттү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →