жум

китептерде 161 жолу, 10 китепте
  1. Көздүн кирпиктерин бири-бирине тийиштирип, көз көрбөгөндөй абалга келтирүү.
  2. Колдун манжаларын бүгүү, бириктирүү, түйүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Аксакалдуу карынын, / Айтаары ушул болбойбу, / Күбүр-шыбыр кеп менен, / Жүрүп кетти кыргыздар, / Коргонго түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды бүгүн түн, / Үшкүрүнүп к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айласы кетип Торгойдун, / Ачып көздү жумгунча, / Алтымышка жаш жетип, / Өлөйүн десе жан таттуу, / Кирейин десе жер катуу, / Бастырып кетсе кантем, деп, / Башы мунун бек катты: / “Тийбесем тийбей калайын, / Тиктеп туруп баатырга, / Тилектүү максат канайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Темири учуп асманга, / Күн чагылып жалтылдап, / Кимибизге түшөт, деп, / Башына калкан жамынып, / Аскердин баары калтылдап, / Аңгычакты болбоду, / Талананын башына, / Чапкан балта чакылдап, / Айта- буйта кылгынча, / Ана- мына дегинче, / Ачып көздү жумганча, / Андас тууган Кененим, / Алтымыш койуп өттү эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алмамбет, Чубак, жолдошуң: / Атадан бирге эгизиң, / Сыргак кетсе дүйнөдөн, / Эч өөнү жок тегизиң: / Дагы эле бакты кыргыздын, / Өзүңдүн тирүү келишиң, / Көз жумган соң ааламдан, / Билесиң кайтып келбесин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айтып койуп Кутургур, / Аскер башы жолдошко, / Чалкасынан сулады, / Аңтарып көзүн жумганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →