жука

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Калың эмес, калыңдыгы кичине.
  2. Жеңил, калың эмес, оор эмес, жалаңтык.
  3. Кеп, сөз көтөрө албаган жеңил, көтөрүмдүү эмес, жалакайыраак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыргый сөөк, кымча бел, / Мөлтүр сулуу, моймол көз, / Ээрди жука, таттуу сөз, / Эрмекке сулуу кыз алып, / Сүйбөйт беле Чигитей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Менин атым Сарала, / Жүрөгү тайкы жалтанчаак, / Өтө жука мал эле, / Алдына чымчык учса да, / Жалт бермей жайы бар эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Манжунун ханы бадырек, / Түк эсепке албады / Канчоро жете барганы, / «Кырк кабырга чени — деп, / Кый сүбөөнүн бети — деп, / Нар жагында сөөк жок, / Жука жерин ушу» — деп, / Болжоп найза ыргады, / Болжолдуу жерге урганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Арка сөөгү калың, деп, / Найза кечпейт такыр, деп, / Кокосуна кол жетпейт, / Узун экен капыр, деп, / Жука жери ушул, деп, / Дал бөйрөктүн тушуна, / Кабелтең найза муштады, / Найзаны канга чыктады, / Тартып алып баратып, / Тегеретип ыкшады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Дандырга жабылган беш-алты калдайган жука нан келди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →