жуда2
- диал. Бөлөк, бөтөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жуда, жүржүт, калчаны, / Колго айдап кар кылып, / Шанкай менен бараңды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бараң менен Шанхайды, / Жөөт менен тарсаны, / Жуда менен калчаны, / Каракалпак, Кыйваны, / Баарын мындан куткарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ун кызы Накылай, / Тартып алып Манастан, / Тирүү жесир кылам, — дейт / Карманап менен хан Манас, / Экөө экен куда, — дейт, / Кудалыктан экөөнү, / Кыламын такыр жудаа, дейт, / Доңуздан бетер коркулдайт, / Тегеле көңүл тынар сөз кылбайт, / Чалып салар каманбы, / Кетирди маңгыт амалды, / Аттанып жөнөп келемин, / Эр Манаска бар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Калча, жүржүт, жуданы, / Тажик, түркмөн - булары, / Башайры ээлеп кулданды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Шүкүрлүү бизге жер эле, / Алты уруу эл эле, / Кара калпак, түркмөндүк, / Тажик, калча дээр эле, / Жүржүт менен жуда бар, / Алты уруусу ал эле, / Алты урууну башкарган, / Карманап менен Карадөө, / Ага-ини неме эле, / Карадөөдөн тукум жок, / Орунсуз экен дүйнө шок, / Карманапт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →