жубат
- Көңүлдү соороткон мамиле кылуу, жоошутуу, көңүл тынчытуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Өткөн иш өттү...— деп, Бурмаке аларды жубаткан болот.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бул тектир мени далай жубаткан.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эптеп өлбөй Көлгө жетсек болду...— деп бизди жубаткан болуп отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Козулары сенин пайдаң, мындай пайда эч жерден чыкпайт, – деп түлкү деле шек билгизбей жубатты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →