жубай
- Баш кошкон аял-эркек, эрди-катындын бири.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Батасы журтту байыткан, / Олуйа Кошой баатырдын, / Олутун баскан Жалгызек, / Агам асыл эр эсте, / Нурфану менен жубайым, / Унутуп аны калбаймын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көрпөкө деген кыз экен, / Даңкы менен Шооруктун, / Накылай деп калышты, / Көрктүүсү кыздын ушу экен, / Көрпөкөнү Чубакка, / Жубай кыла салышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Абдан жайын укканмын, / Жок экен алган жубайы, / Жаратпады мени деп, / Ичинде бар убайы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ак никелүү жубайдан, / Сандаган журттум түрк болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Калдуубет качып жоголду, / Эркиме менин жол койду, / Калдуубет шаары Чамбыл бел, / Тагына түркмөн ээ болду, / Түбү бизге жээн экен, / Эл талашкан Тынымкан, / Мага жубай тең болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →