жошо
- Кызгылт күрөң, же кочкул кызыл түстүү топурак, чопо, минерал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карап турган көп элден, / «Өлөрүнө жер таппай, / Кутурган экен Бекбача, / Билип турду Оторду, / Чакырып ашка ошону, / Калкына алып келиптир, / Кан аралаш жошону!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кадырың билер жан ошо, / Аралашкан ал жошо, / Ханзаданын бардыгы, / Жанында жүрөт аа кошо, / Бейилиңди билер бий ошо, / Биригип кетер кил бото, / Бекзаданын баарысы, / Бетинде жүрөт аа кошо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аргындын Каракожосу, / Акылга жугат жошосу; / Калктын башы Калкаман, / Элдин башы Элеман, / Топтун башы Токоной; / Казактардын Борончу, / Каргылданбас обончу; / Каракалпак Турнасы; / Коржоңдогон Кутунай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Хандан келген элчимин, / Кайгуулдан келген ченчимин, / Эмне десең ошомун, / Кандуу кара жошомун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Деп күүлөнүп Коромжу, / Абал айткан Калдуубет, / Коркута сүйлөп ошону, / Көрсөтөм дейт өнөрүн, / Кан аралаш жошону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →