жото1
- Жети атанын бири – төртүнчү ата.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Чокморун таап алганча, / Арстан туулган Бекбача, / Капталга чаап какшатып, / Кабыргасын кыйратып, / Далыга чаап балталап, / Кыр аркасын талкалап, / Кашка жилик жотого, / Канчаны чапты ошого, / Томукка чаап токмоктоп, / Жарылып кетти томугу, / Түз тура албай Татылда, / Амалы жаман куурулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эсине келип эр Гүлүс: / «Болду чочко кыйын иш, / Каржилик менен жотонун, / Булчуңун жара чабайын, / Тарамышы кыркылса, / Жер тайанат Кызыл алп, / Өзөктөн канын жайайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жоруга жотоң талатат, / Тарпыңды жолго таштатат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →