жорук

китептерде 36 жолу, 7 китепте
  1. Көндүм болуп калыпташкан жүрүш-туруш, кулк-мүнөз, кыял, кылык.
  2. Жүрүш-туруш нормларына өөн учураган терс көрүнүштөгү же өзгөчөлөнгөн кылык, мамиле.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Козголуп Кошой жөтөлдү, / Мындайча сырын козгоду: / — Ороздунун балдарын, / Ар кайда калмак бөлгөндө, / Ар жорукка көнгөндө, / Банус хан, Дөөкан, Алооке, / Оронгусу кошулуп, / Кармашып көрдү бул төртөө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Олутун бастың титинбей, / Ордуна жаттың эчкирбей, / Кай жоругуң каапыр ит, / Айдай болгон Чүрөктү, / Кыйазга олжо беришиң?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жер жемишке тойгузду, / Ар кайсы жерде көп жүрүп, / Ар жорук көргөн Керимбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Семетейди өлтүрдүң, / Көкмончоктун колунда, / Ар жорукка көндүрдүң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Бир кезде Алмакан эжем ойдо жок жорукту баштап, эпкиндеп, чыркырап барып төшөктө жаткан энемди басып жыгылды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →