жоро1

китептерде 16 жолу, 5 китепте жоро 2 →жоро 3 →
  1. Көбүнчө кышында улам кезек менен биринин үйүндө чогулушуп, негизги ичимдиги бозо менен кошо тамак-аш ичишип, көңүл ача турган, бир катар теңтуш жалаң эркектер же аялдар (кээде аял-эркектер) болуп уюшушкан топтун үлпөтү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыштын күнү болгондо, / Бээ сойушуп, ордо атып, / Жарма ачытып, бозо ичип, / Аймак-аймак бойунча, / Чогулушуп жоро ичип, / Эрди-катын олтуруп, / Тобун бузбай бирге ичип, / Жайдын күнү шерне деп, / Кысыр эмди тай жешип, / Казы- карта, - май жешип, / Күрпөң сойуп, куйрук жеп,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Байге бөлүп кунан чаап, / Көкбөрү тартып уландар, / Өз көөнүнчө жүргөн эл, / Кыштын күнү жоро ичип, / Жайдын күнү шерине жеп, / Кырк-отуздан малдарды, / Зыйанга жыкса мейли, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жетегинде сур тайы, / Сүйрөлүп баспай темселеп, / Нарларын белден ашырды, / Жоролорду жетелеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жөрөгөлөк деген бар эле, / Чогоол өскөн жан эле, / Жаңкы айткан кишиге, / Мына мындай деди эле: / — Алакан жайып кол ачсаң, / Катып калган Манасың, / Кара жердин түбүнө, / Батып калган Манасың, / Каптап токоч береби?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алыскы жоого жорогон, / Атын уккан душмандар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →