жорго
- Эки оң жак, эки сол жак буттарын тең шилтеп, чайпала, теңселе жүргөн, ылдам басык, көбүнчө жылкынын чуркоо ыгы, жүрүшү.
- Жоргологон жүрүшү бар жылкы.
- Оң жак, сол жак буттарын тең шилтеп, чайпала же кыдыңдай жүргөн жүрүшү бар (көбүнчө жылкыга карата).
- өт. Ырчы, акын, шайыр, сөзмөр же өтө элпек мамиле жасаган жаш адамдарга карата эпитет катарында колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Буудайык хандын Музбурчак, / Сакалы келген бир кучак, / Саадагы күмүш, карк алтын, / Салтанаттуу көп казак, / Жеткен экен жол менен, / Сексен төрт санча кол менен, / Кол эсебин алды эле, / Колун катка салды эле, / Өзүмдүн досум дегенсип, / Көк жоргосун түйүлтүп, / Куйругун жерге шүйүлтүп, / Баштап Бакай жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алдындагы жоргосун, / Чойт камчылап Чойтолоң: / — Тапак болбой жерге кир, / Жарты тоодой зоңкойгон!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кызылдан кылдап кийгиздим, / Желбестен жорго мингиздим, / Манастын уулу деп жүрдүм, / Качан башка дегиздим?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Улак тартчу немедей, / Жабдыгы жок колунда, / Найзасын жанга сүйрөтүп, / Жорго менен жойпутуп, / Кетип барат ченебей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Кыздын куржундагы алтыны жана боз жоргосу менен төрт жагым кыбыла болуп, ушул даражага жетип, кадырлуу болдум.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →