жоору
- Ээр-токум өтүүдөн, сүрүлүүдөн жоор пайда болуу.
- Колдун, буттун ж.б. териси сүрүлүп кабаруу, кызыл көш болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көтөрүп жүрүп жонуна, / Уйуп бели ооруган, / Кызарып ийни жооруган, / Өргө басса өңшөйгөн, / Эңишке басса бөкчөйгөн, / Энем аман бар бекен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бир жактан келип жоо турса, / Баш көтөрөр киши жок, / Баары киши ооруса, / Амал кандай болот дейм, / Алдымда атым жооруса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жоору куйрук Кызыл алп, / Акым, Шакым эки дөө, / Бозчаар минген Боронбай, / Не келбейсиң түз мында, / Аларга айтып угузбай?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
— деп, / Баландын аты жоору деп, / Жолдошуна ошонун, / Тийет экен оору деп, / Оң кулагым укпасын, / Угуучу болсом, калайык, / Билесиңер өзүңөр, / Жаныңдын тирүү чыкпасын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тамандары жооруду, / Таппай ээсин куруду, / Кабыштырып тоо-ташты, / Каңгырашып улушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →