жоор

китептерде 27 жолу, 9 китепте
  1. Ээр-токумдун басылышынан, сүрүлүүдөн, өйкөлүүдөн мингич аттын, эшектин жонунда пайда болгон жара.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…елем, — деп, / Аманат койуп бул кумга, / Каңгайга барып келгинче, / Таанылбай калат Чакмакташ, / Элдин көөнү ооруур деп, / Өңөрүп алып жөнөдү, / Майтору кайдан жооруур», — деп, / Лопнурдун бойу Акшордо, / Турган экен Кетиркей, / Эли менен Дүркүрөп, / Эштектин эли бүт калбай, / Чакмакташты көргөндө, / Баарысы кетти чуркурап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чайыттай көзү ачылып, / Жаш Чигитей ойгонду, / Акылы терең түгөнгүр, / Ар санааны ойлонду, / Көргөн түшүн өзүнчө, / Көөнүндө жооруп койгону: / «Алдындакы беш киши – / Ак калпак кыргыз журтуна, / Арка болгон беш киши: / Аксакал Бакай, Каныкей, / Хан Семетей, Күлүстөн, / Айчүрөк энем эмеспи, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Сугатчы келет тартаңдап, / Белин бекем курчанып, / Ийри орогун белге алып, / Орокчу келет кыйкаңдап, / Эрин ээрчип жүгүрүп, / Катын келет тыйтаңдап, / Жонунда жоор тери жок, / Аттары келет кыйшаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Абаң Бакай караса, / Алмамбет баатыр башкача, / Тамандын бүлтөк эттери, / Эзилген жоор кептенди, / Тарамыштар таралып, / Кээ бир жери чубалып, / Көргөн көзгө дапдайын, / Көрүнөт сөөк агарып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кай жерлигин билбеди, / Бир жерге булар келгени, / Басалбай калды жадашып, / Бирин –бири карашып, / Күндө улар жүрүчү, / Басчу жолду талашып, / Жооруп кеткен таманын, / Ит каадасы жалашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →