жооп

китептерде 311 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсе жөнүндө кайрылганда же суроо берилгенде ага карата кайтарылган ой, пикир, айтылган сөз.
  2. Сабак боюнча коюлган суроолорго окуучулар, студенттер ж.б. тарабынан берилген баяндама.
  3. мат. Математикалык маселелердин, мисалдардын чыгарылышындагы тыянак, жыйынтык, корутунду.
  4. Өзүнүн иштеген ишине, жүрүш-турушуна, кылган күнөөсүнө ж.б. карата адамдын моюнундагы жоопкерчилик, милдет.
  5. Ээси тарабынан анын бир нерсесин алууга, пайдаланууга берилген мүмкүнчүлүк, уруксат.
  6. Каалоосу, ниети билдирилген ой, макулдук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ата-баба жолу ошол, / Жообуңду бергин! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененимден жооп алып, / Калкына келди Талана, / Кара тоодой калдайып, / Барып түштү айлына, / Көк камандай дардайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арамдык кылып жүрөт – деп, / Айабай мыктап чагышты, / Эмне жооп чыгар, — деп, / Оозун тиктеп калышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейитекти Семетей, / Мына бу бала ким, деди, / Эр Гүлүстөн ошондо, / Жоопту мындай жиберди: / — Сен кайып болдуң абаке, / Мен кайып болдум ал жерде, / Өзүңө маалым ашкере, / Ошол жылы жеңемдин, / Бойунда калган бала эле, / Азап менен туулду, / Ат койбой үч жыл бул турду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бир аяк жарма жутам деп, Чоңколдун камчысын жегидей алым жок,— деп жооп берди берки. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →