жоон
- Туурасынан алганда чоң, ичке эмес, ичкенин карама-каршысы.
- Бул жерде чоң-чоң теректер, жоон-жоон талдар өскөн (Бөкөнбаев).
- Толук, семиз, эткел.
- Өзүн алдуу-күчтүү сезип зөөкүрсүнгөн, менменсинген адам.
- Коңур, ачык, бийик чыккан (үн, дабышка карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
сайар мыктуу бар, / Балта чабар ыктуу бар, / Чокмор менен шыктуу бар, / Мылтык аткан мерген бар, / Жаага огун керген бар, / Сойулга андес тыңдуу бар, / Билеги жоон балбан бар, / Бири онду жеңген бар, / Ала көөдөн дардаң бар, / Ар бир кылда адам бар, / Капкачандан бер жакка, / Бук болуп жаткан кыргыздар, / Кой деген киши б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Калкыңа кыргыз келбесе, / Калмакка бардың неге, дейт, / Калк ичинде карылар, / Калбай баары жемелейт, / Билеги жоон балдардын, / Баарынын каны себээлейт, / Ал көрөкчө, балдар, ай, / Өлгөн жакшы жан калбай, / Жекелеше чыгалы, / Андан бетер тайманбай, / Кычырып барып кыргызды, / Эл кыдыртсак ал кандай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жоон сабоодой буту бар, / Саа жарайбы ушу тай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ө, / Чукул кирип келгенде, / Кең көкүрөк, кууш айак, / Жалайак ооз кир кабак, / Чолок ээк, дөң маңдай, / Каржиликтен булчуңу, / Жүгүрүп жүргөн баладай, / Мойну жоон букуйуп, / Кысыр эмди танадай, / Жамынган темир тону жок, / Жалтанып калаар пейли жок, / Аккаңгы ээр алтын каш, / Мингени тоодой чоң сур ат, / Ошончо элден бөл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Койлор аркы өйүзгө чыгып болгон кезде, биз шымыбызды жоон санга чейин түрүп салып, төмөн жактан сайроолоп кирдик.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →