жон1

китептерде 117 жолу, 10 китепте жон 2 →
  1. Дененин кыр аркага тушташ келген далы жак сырты, малдын, айбандардын кыр тарта жондонуп кеткен арка бөлүгү.
  2. Тоонун же дөбөнүн кыры, жумуру тартып кеткен үстү жагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ушакчы болбо, ургаачы, / Ууру болбо эркегиң, / Жон сомоос уңгусу, / Ушул айтаар бар кебим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…гүрүп, / Сугатчы келет тартаңдап, / Белин бекем курчанып, / Ийри орогун белге алып, / Орокчу келет кыйкаңдап, / Эрин ээрчип жүгүрүп, / Катын келет тыйтаңдап, / Жонунда жоор тери жок, / Аттары келет кыйшаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Андан бери карасам, / Кара тоо турат калкайган, / Жондор-жондор дүңкүйүп, / Кыраандары арсайган, / Ортосу саргыч көрүнгөн, / Тоолору турат жалпайган; / Андан да бери карасам, / Катар-катар тамы бар, / Калың эмес, жок эмес, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үч жүз жылкы, беш жүз кой, / Туур жабары кырк бир төө, / Ушул болсун ырымың, / Инек уйдан элүү ал, - / Жигитине буйурду, - / Музой байдын жонуна, / Төрт жүз тилла алгамын, / Дейилданы жаба сал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Капырлар жыйып өлүгүн, / Сары жон кылып үйүштү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →