жолук
- Кезигүү, жүздөшүү, учуроо, кездешүү.
- Дуушар болуу, кез келүү, туш келүү, чалынуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каарданып хан Жанай, / Жүз элүүчө киши алып, / Чаңбейсенден аттанып, / Ингенге жете барыптыр, / Жолукканды жолтолоп, / Бу да талап алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
деп акырып, / Менмин деп бирөө баралбай, / Баарысы келди жабылып, / Чигитейден кеп угуп, / Өлбөй тирүү кет десе, / Ырыска калды жолугуп, / Манжу менен кытайдан, / Калмакта таңгыт бөлүнүп, / Жанупту карай бет алып, / Чубап жолго салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Токойго бала барыптыр, / Топ-топ жүргөн кырк бала / Жолугуп буга калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Керменбайга жолугуп, / Айтып турат ал бала: / — Эр Сейитек баатырдын, / Ырысы өтө чоң экен, / Тосолгосу жок экен, / Ачык жолу шар экен, / Алган зайбы бар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ал бир күнү мага көчөдөн жолугуп:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →