жоло

китептерде 46 жолу, 10 китепте
  1. Жакын келүү, жакындоо, байланышта, өз ара катышта болуу, ошол айланада болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Изчиң угуп тур, — деди, / Четке чыккан кыргыздын, / Чындап изин куу — деди, / Төлгөчү салгын төлгөңдү, / Жашырбай айткын көргөндү, / Далычы, далың карагын, / Мергендер камда саадагың, / Четке чыгып тургула, / Жолобой элге балбаның, / Кыргызга келген ким болсо, / Киргизбегин албарын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Канчоро ичтен бузулду, / Ошондо далай кысылды, / Жедигердин элинде, / Жетисуунун жеринде, / Сейтек андан туулду, / Кыйазды жакын жолотпой, / Аташканы Айчүрөк, / Албарсты болуп кубулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арууке жүгүн жүктөгөн, / Анын нары эки жүз, / Манастын нары эки жүз, / Соогага келген ар кайдан, / Сырттан келген хандардан, / Чиркеп туруп беш жүздү, / Самарканга жолобой, / Таласты көздөй чубатты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Атайлап барып кол салып, / Башка элди колотпо, / Кара санаа душманды, / Калкыңа жакын жолотпо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айылына жолобой, / Жүрүп кетти, Канчоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →