жоктук
- Жетишпегендик, жок болуп калгандык.
- Кедейлик, жардылык, колунда болбогондук, жокчулук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Суу бойлоп чыгат жал камыш, / Суук сөз кирсе кулакка, / Эрге келет бир намыс, / Эси жоктук кылыпмын, / Ойлобопмун ал кезде, / Өткөн ишти мен таанып, / Мөңкөтай менен Медеркан, / Башка-башка биздерге, / Көкөй далай кеп кылган, / «Актанып катын жатат» …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ок, дарысы жоктугун, / Ошондо билип калышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бейшемби ары айтып, бери айтып келип, тырбыйган эки жылкыдан башка мал жоктугун, алар улукту көтөрүп жеткире албай тургандыгын, өзүбүз ач талааны кезип, кызыл чиедей жаш балдар менен кылчылдаган ашууда жөө чубап, тамаксыз, күчсүз кырыла жаздап, кур жаныбыз келе жаткандыгын айтты.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →