жокто

китептерде 28 жолу, 9 китепте
  1. Барбы же жокпу деп түгөлдөө, текшерип көрүү, сураштыруу, издөө.
  2. Өлгөн адамдын жакшы жактарын эскерип, кошок кошуп ыйлоо, өлгөндү эскерип кейүү, кайгыруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кубатай, Ырыс, Шооруктун, / Масилети токтоду, / Кайта келип туйгузбай, / Аскерин булар жоктоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Же Таласты беттеп жол алып, / Карамендер басканбы, / Кененим жокто жетем, деп, / Кеңирсип жаткан кыргызды, / Асты-үстүнө кылам,деп, / Коросондун каалгасын, / Бузуп кирди талкалап, / Күмбөзүнө айкөлдүн, / Кастык кылып жүрбөсүн,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Миңгени анын пил экен, / Ат көтөрбөй пил жокто, / Жөө балбан Майтык дечү экен, / Жөө жүрбөй минип жүргүн, деп, / Эсенхан берген пил экен, / Баатырдын баары чогулуп, / Барып калса ордого, / “Баарыңдан Майтык мыкты” — деп, / Эсен хан айтып жүрчүү экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Киши жокто келүүчү, / Киши жокто кетүүчү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Аны Көчкүн бир топтон кийин жоктоп, көзүн чоң ачып, акшыйып тура калып: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →