жок
- Ар кандай нерсенин колдо болбогондугун, жалпы эле кандайдыр бир нерсенин, сапаттын, өзгөчөлүктүн ж.б. жоктугун, бар эмес экендигин билдирүүдө колдонулат.
- Мүмкүнчүлүктүн, убакыттын ж.б. болбогондугун көрсөтүүдө колдонулат.
- Макул эместикти, туура эместикти билдирүүдө же жалпы эле тануу иретинде колдонулат.
- Жоголгон, дайынсыз болуп кеткен нерсе.
- Колунда эч нерсеси болбогон, жарды, кембагал, кедей, жоксуз.
- Жоксуздук, жардылык, жокчулук.
- Кандайдыр бир нерселерге өзүнүн жөндөмдүү эмес экендигин көрсөтүүдө колдонулат.
- Же, же болбосо деген байламталардын ордуна колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Олуйалар ошолор, / Ынтымагын карачы, / Бирине бири жок экен, / Ичинде чаар аласы, / Ырысын кара Манастын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ат берели, Алмамбет, / Биз жөө бассак да көрө, / Алп Жамгырчы, Балта дөө, / Сурап келсе бул экөө, / Бербей койор айла жок, / Сынчыны берди экөөнө, / Сынчыны алып келишип, / Беш жүздөн миң ат беришип, / Аттанып булар жөнөдү, / Жарлык ушул жүр дешип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Иш башкарган Керменбай, / Айтып турат Сетертай: / — Эр Гүлүстөн, хан Сейтек, / Күмбөздөн мында келерде, / Жумшадыңыз сиз мени, / Сен ордого баргын, деп, / Эси жок катын Чачыкей, / От койуп кокус жиберет, / Аңкаарыгын аны, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Өзи де бир адамга жылдызы жок, түгин салган неме экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Жок, эмгек вазирдин баласыныкы, ал болбосо кандын уулу эч нерсе кыла алмак эмес да, каракчылар аларды өлтүрүп коюшмак, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →