жит
- Бир нерсенин арасына кирип кетүү, өтө терең батып кетүү, жок болуп көрүнбөй калуу.
- Жоголуп кетүү, көрүнбөй калуу, дарексиз жок болуп кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…йза сайар качпагын, / Чокморлуу чапкын чокуга, / Мергендин баары чогулуп, / Чыгып тургун чет жакка, / Арамзада Кененим, / Жылыштап чыкса чет жакка, / Жыдыманды житирип, / Чечекейге аткыла!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Карап калды Көкчөкөз, / Ого бетер бекемдеп, / Эрдигинин чеги жок, / Эрениң келет тепеңдеп, / Алдындагы Аккула, / Башын силкип кекеңдеп, / Өпкө, боор тушу деп, / Өлөр жери ушу деп, / Акыректен чөгөрүп, / Айбалкадай көтөрүп, / Кароолун бүл-бүл житирет, / Машааны тартып жиберет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тапан хан өлүп житкенде, / Шумурай колго түшкөндө, / Чойтолоңду эр Сейит, / Тазкараны ээрчитип, / Куткарбаска бар, деди: / — Акылын ойлоп тапсын де, / Айлында аман жатсын де, / Алдыма келсин бүгүлүп, / Ырайынан кайтсын де.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Музоолор токойго житип-житип кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Анда дос житити:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →