жип1
- Жүндөн, кебезден, кендирден жана башка булалардан жасалып, токуу, тигүү, сайма саюу сыяктуу иштерде колдонулуучу, керектөөгө жараша ар кандай жоондукта ийрилген зат.
- Оңойдур мындан көрө караңгыда, Ийненин көзүн көрүп жип өткөзгөн (Үмөталиев).
- Эшилген же чыйратылган боо, мал байлоого, аркандоого, бир нерсени таңууга боло турган ар кандай көтөрмөнүн, шпагаттын, аркандын жалпы аты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эшкен чеге жип болсо, / Алып келгин алдыма, / Жамбашыман катуурак, / Өткөндө жакшы уктаймын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…уш бар, / Барыдан мүшкүл бир иш бар, / Аркандап келген айым бар, / Айтышып койгон жайым бар, / Күрмөшүп келген күнүм бар, / Күүгүм болжор түнүм бар, / Күрмөөсү жиптин чечилер, / Көк жалга барсам кечигип, / Күнөөмдү кайдан кечирер?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайыпчынын тоосу деп, / Үстү арсак аппак тоо, / Этеги кырка кызыл зоо, / Салаңдап келген тумшукта, / Туташкан түздө урчукта, / Керкилеп кертип чапкандай, / Жиптен керип тарткандай, / Зымылдаган зоо эле, / Зоону түптөп келатып, / Жоголуп кетти бир демде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Тамдын бурчунда, Бурмакенин ийрип бүтпөй калтырган жипшууларын кармалап, үшкүрүп Жанымжан отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Карчыга жамбыны саландата байлап койгон жибин үзө атат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →