жик

китептерде 46 жолу, 7 китепте
  1. Эки нерсенин бириктирилген жери, тилке тартып же жолжол болуп билинип турган из.
  2. Ортодогу айырма, ажыратылышы, бөлүнүшү белгилүү болуп же билинип турган ажырым, чек.
  3. Кандайдыр бир нерсенин ыгы, жөнү жолу, нугу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ажал жетсе өлбөсөм, / Азабым болсо көрбөсөм, / Бирине бирин кошпостон, / Жигин айрып бөлбөсөм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененим менен кездешем, / Керт башыма беттешем, / Тирүүлүктөн үмүт жок, / Өлүм жагын жиктешем. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кыл шиберге копшотуп, / Тезге басып токтотуп, / Түптүздүгү сүмбөдөй, / Ок жыланга окшотуп, / Билер-билбес жигине, / Жара желим токтотуп, / Тал жибек менен чырматып, / Көгүчкөндүн канатын, / Сыйрып алып сырдатып, / Кытайдын кызыл курчунан, / Бир канчасын алдырып, / Бөрү ти… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көөн ооруңдун баарын айт, / Жик-жигинен айрып айт, / Болгон иштин дайнын айт, / Көр оозунда турасың, / Ушунчаңда кайра кайт! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Айагы менен тик түшүп, / Казандай болгон кара таш, / Төрт бөлүнүп жик түшүп, / Казанбактай төрт туйак, / Кара жерди казылтып, / Кара темир ооздук, / Көмөкөйгө басылтып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →