жибек
- Тыт жыгачынын жалбырагы менен азыктанган курттардан өндүрүлүп алынуучу жумшак, жылмакай, назик, жалтырак жип.
- Ушул жиптен же жасалма буладан токулган кездеме.
- Ушундай кездемеден тигилген, жасалган.
- өт. Өтө назик, сылык, сыпаа (мүнөзгө карата).
- Эненикиндей жибек жүрөк бала үчүн дүйнө жүзүндө болбосун мен кантип билбейин (Байтемиров).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Төөнүн жүнүн бойогон, / Чырмак чийдин четине, / Кара оозуна оргон, / Он эки түрдүү жибектен, / Чийди кылдап чырмаган, / Үйгө жапкан кийиздин, / Тышын аппак тордогон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыл шиберге копшотуп, / Тезге басып токтотуп, / Түптүздүгү сүмбөдөй, / Ок жыланга окшотуп, / Билер-билбес жигине, / Жара желим токтотуп, / Тал жибек менен чырматып, / Көгүчкөндүн канатын, / Сыйрып алып сырдатып, / Кытайдын кызыл курчунан, / Бир канчасын алдырып, / Бөрү тилме чыгарып, / Учун ууга сугарып, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп желмогуз айтканда, / Кыйа карап кылт этип, / Кайра тартып басканда, / Тапан хан жаман шашты анда: / — Тура тургун, нур кызы, / Кийгениң жибек кырмызы, / Тирүү жүргөн адамдын, / Ободо чолпон жылдызы, / Айтканыңа түшүндүм, / Капаланып сен үчүн, / Кайгыдан канча үшкүрдүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…ып, эки жагыма карап, менден алда канча төмөн турган Башариндин үйүн көрүп, жер жүзүнөн тандап келип ушул жерге чыккандай, көйкөлгөн, сулуу чөптөрдү теңселтип, жибектей жылып турган таза желге, көкүрөгүмдү тосуп турганымда бир көңүлүм сергип, өзүм сансыз жылдан берки туткундуктан азат боло түшкөндөй болуучу элем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жапайы бугуну карматып келип баягы карындашы жаткан көмүркөйдү бугунун эки мүйүзүнүн ортосуна бекем байлап кадайт да, бугуну жибек аркан менен аркандатып коет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →